Чүй облусунда турак үйдөн өрт чыкты

23-августта Токмок шаарында Л.Толстой көчөсүнүн боюнда өрт чыккан. Өрттүн кесепетинен турак үйдүн 180 чарчы метр чатыры жана убактылуу чатыры күйгөн.

Өрттү өчүрүүгө No21 өрт-куткаруу бөлүмүнөн 3 бөлүм тартылган. Саат 20:59да өрт локализацияланып, саат 23:55те толугу менен өчүрүлгөн.

Өрттүн келип чыгуу себептери такталууда. Жабыркагандар жок.