ӨК министри Б.Ажикеев менен саламаттыкты сактоо министринин жолугушуусу болуп өттү
Бүгүн, 2-ноябрында Семетей ооруканасында КР Өзгөчө кырдаалдар министри Б.Ажикеев менен Саламаттыкты сактоо министри А.Бейшеналиевдин көчмө жыйыны болду. Министрликтердин жетекчилери Семетей ооруканасын (мурдагы Ганси авиабазасы) COVID-19 менен ооругандарды кабыл алууга даярдоону талкуулашты.
Текшерүүнүн жүрүшүндө, бүгүнкү күндө лабораторияны кошпогондо обсервация дээрлик толугу менен даяр экени белгилүү болду. Ошентип, реанимация бөлүмүндө 35 койка, дарылоо блогунда 250 койка бар. Керек болсо орундардын саны көбөйтүлөт. Ошондой эле Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан бейтаптарга жана медицина кызматкерлерине тамак-аш берилди.
4-ноябрда керектүү оргтехникадан баштап медициналык жабдууларды орнотуу иштери башталат. Бир жуманын ичинде COVID-19 жана пневмония менен ооругандарды кабыл алуу башталат.