Ыкчам маалымат

2022-жылдын 11-августу саат 08:00гө карата
Шашылыш билдирүү!
2022-жылдын 11-12-августарында туруксуз аба-ырайына жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу, республиканын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда сел жүрүшү мүмкүн.
КР ӨКМнин өрткө каршы жана куткаруу кызматтары боюнча
Сутка ичинде республиканын аймагында 15 өрт кырсыгы катталып, өрттү өчүрүүгө 15 бөлүм тартылган. Алар: Ош шаарында 2, Чүй облусунда 7, Жалал-Абад облусунда 2, Ош облусунда 2, Ысык-Көл облусунда 1, Баткен облусунда 1 өрт кырсыгы катталган.
Куткаруу кызматтары тарабынан 4 чыгуу болгон.