Ысманов Айбек Абдималикович
Айбек Ысманов Абдималикович Баткен районунун Баткен айылында 1987-жылы туулган.
Лейтенант Ысманов 2010-жылдан май айынан тарта Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Баткен облусу боюнча башкармалыгынын баткен шаардык жана райондук бөлүмдүн №26 аскерлештирилген өрткө каршы кызматынын куткаруу бөлүгүндө кызмат өтөп, эмгек ишмердүүлүгүн баштаган.
Маркум 2021-жылдын март айынан тарта №106 өрткө каршы-куткаруу бөлүгүнүн кароол башчысы кызматында эмгектенип, адам өмүрун куткарууга өз салымын кошуп келген.
Лейтенант Айбек Ысманов 2022-жылдын 16-сентябрында кызматтык милдетин аткаруу учурунда кыргыз-тажик чек арасында болгон кагылышуудан улам душман огунан каза тапты.
Артында 3 уулу жана жубайы калды.