Ысык-Ата районунда турак үй толук өрттөндү

Бүгүн 11-январь күнү саат 01:32де Ысык-Ата райодук ӨКБнүн байланыш түйүнүнө Туюк айылында жайгашкан турак үйдөн өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Өрттүн кесепетинен жалпы аянты 180 ч.м болгон турак үй толугу менен күйгөн. Жерине №4 ӨКБнөн бир бөлүм тартылып, саат 02:27де өрттү чектөөгө алып, 03:53тө толук өчүрүштү.
Учурда өрттүн келип чыгуу себеби такталууда. Жабыркагандар жок.