Ысык-Көл: 4 жашар наристени издөөнүн 16-күнү

Кечээ издөө ишинен натыйжа болбогондуктан, бүгүн 4 жаштагы наристени издөөгө жалпысынан 30 куткаруучу тартылды. Бүгүн алар көл жээктеринен, суу түбүнөн жана аймактарга бөлүнүп издешет.
Сууга чөгүп кеткенине 16 күн болгон кызды издөөгө Тору-Айгыр айылына КР ӨКМнин Суучулдар кызматынан 13 суучул, Ысык-Көл райондук №31 ӨКБдан 2 куткаруучу, Кочкор райондук №42 ӨКБдан 5 куткаруучу, Нарын райондук №16 ӨКБдан 5 куткаруучу, Бишкек шаардык башкармалыгынын Куткаруу кызматынан 5 куткаруучу тартылды.
Эске салсак, 18-июлда саат 15:00 чамасында Тору-Айгыр менен Чырпыкты айылдарынын ортосунда 2018-ж.т. Н.А. аттуу кичине кыз толкун учурунда көлгө чөгүп кеткен.