Ысык-Көл :4 жаштагы наристени издөө уланууда
Бүгүн, 2022-жылдын 18-июль күнү көлгө чөгүп кеткен 4 жаштагы кызды издөө иши уланып, Жеринде КР Прездентинин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү А. Сулайманов башында турган КР ӨКМдин Ысык-Көл райондук №31 ӨКБдан 3 куткаруучу, Кризистик кырдаалдарда башкаруу борборунун 1 кызматкери дрон менен, даЫсык-Көл облусунун туристтик-экологиялык милициясынан 10 кызматкер, облустук регионалдык экология жана көзөмөл башкармалыгынан 3 моторлуу кайык жана жергиликтүү тургундардан 30 адам 1 суу дрону менен тартылган.
Эске салсак, үстүбүздөгү жылдын 18-июль күнү Ысык-Көл районунун Тору-Айгыр менен Чырпыкты айылдарынын ортосунда саат 15:00 чамасында 2018-жылы туулган Н.А. атуу кыз көлгө чөгүп кеткен. Анда кыздын үй-бүлөсү көлдүн киши түшпөй турган (жапайы) тилкесине барып, наристени желим баллон үстүнө коюп кароосуз калтырган. Ошол учурда кызды шамал көл үстүнөн учуруп кетип, көлгө чөгүп кеткен.