Ысык-Көл: Адам өмүрүн сактоо боюнча семинарлар өтүлдү
Облус аймагында кышкы мезгилде суу объекттеринде муз тебүү учурунда адам өмүрүн коргоо, бассейиндерде сууга түшүү эрежелерин сактоо, жабыр тарткан адамдарга медициналык алгачкы жардам көрсөтүү темасында атайын эки сааттык окуу семинары өткөрүлүүдө.
Семинарга Ысык-Көл облусундагы мектеп окуучулары, мугалимдер кызуу катышып жатышат. Коопсуздукту сактоо тууралуу окутуусу облустун райондук жана шаардык өзгөчө бөлүмдөрү тарабынан өтүлүп, куткаруучулар катышуучулардын кызыккан суроолоруна жооп беришти.



