Ысык-Көл: Баллон менен жылгаяк теппе!

ЫСЫК-КӨЛ: БАЛЛОН МЕНЕН ЖЫЛГАЯК ТЕППЕ!
Элибиз кышкы эс алууда муз тебүүнүн ар кандай түрүнөн рахат алышат. Аны менен бирге эс алуучулар ар кандай жаракат алышат. Айрым учурда эс алуу кайгылуу окуялар менен аяктайт.
Мындай кырсыктардын алдын алуу максатында райондук ӨКБнын кызматкерлери Ысык-Көлдүн Ак-Суу районуна караштуу Жолголот жана Челпек айылдарынын тоолорунда уюшулган муз тебүү жайларын кыдырышты.
Ал жерде баллон менен жылгаяк жана суунун үстүндөгү музда чана тебүү кооптуу экендигин балдарга жана эс алуу жайынын ээлерине эскертишти.