Ысык-Көл: Барскоон – Ак-Шыйрак жол кардан тазаланууда

Бүгүн, 3-июнда ӨК министринин орун басары Эделбек Кулматов Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун кыдырды.

2022-жылдын 29-30-май күндөрү кар калың жаагандыктан Барскоон-Ак-Шыйрак унаа жолу жабылып, 31-май күнү Жарандык коргонуу кызматтарынын техникалары тартылып жол ачылган. Ал эми, Кара-Сай айылынан Ак-Шыйрак айылына бара турган унаа жолу кардан тазаланууда.

Учурда Кара-Сай – Ак-Шыйрак унаа жолунун болжол 60 чакырымы кардан тазаланган. Жалпы жолдун узундугу 108 чакырымды түзөт. Унаа жолдо жаткан кардын калындыгы 60-70 см түзөт.