Ысык-Көл: Баткенден келген жарандар жайгаштырылды

Баткен облусунан келген жарандар Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун санаторий пансионаттарына жайгаштырылды.
Тактап айта кетсек “Ак Бермет” пансионатына 20 адам, “Көгүлтүр Ысык-Көл” 4 адам, “СОС” балдар үйүнө 20 адам, “Кыргыз Деңиз” санаторийине 48 адам, “Алтын Балалык” реабилитациалык борборуна 36 адам, Тамчы айылынын Исабеков көчөсүндө жайгашкан турак үйгө 11 адам​ жана өз каалоосу менен туугандарыныкына кеткен 30 адам. Жалпысынан 169 адам жайгаштырылды
Жарандарыбызга райондук мамлекеттик администрация тарабынан жатакана жана ысык тамак уюштурулуп, элден чогулган гумжардам таратылууда.
ӨКМ тарабынан келген жарандарды координациалоо иштерин жүргүзүп жатат.