Ысык-Көл: Боом капчыгайында жол эки тараптуу ачык
БООМ капыгайында жол эки тараптуу ачык. Нарын, Ысык-Көл дубанына жол тарткандар эч тоскоолдуксуз өтө алышат. Белгилей кетсек, кечээ, 1-августта нөшөрлөгөн жамгырдын кесепетинен Бишкек – Балыкчы – Каракол унаа жолунун 144-145-чакырымы жана 154-155-чакырым аралыктарында 2 тилкеден сел суулар топтолуп, кыян жүрүп, жолду кум-шагылга толтурган.
Жерине КР ӨКМнин Борбордук аппаратынан майор З. Нарчаев, КР ӨКМнин Чүй облусунун башкармалыгынын башчысынын орун басары, ККББдан КБП унаасы менен ыкчам топ, Балыкчы шаардык №19 ӨКБдан 3 куткаруучу, №32 ЖТИден 1 грейдер, 1 жүктөгүч, 2 самосвал, №10 ЖТИден 1 грейдер, 1 жүктөгүч тартылган тазалоо иштернин натыйжасында, саат 01:45 жол эки тараптуу толук ачылды.


