Ысык-Көл: Чет элдик жарандар табылышты
Такталган маалымат боюнча 15-октябрда Чолпон-Ата шаарынын күн батыш тарабында жайгашкан Арал капчыгайына эс алууга чыгышкан Россия Федерациясынын 2 жараны байланыш жок, дайынсыз жоголгондугу тууралуу маалымат түшкөн.
Аларды издөөгө чыгышкан Ысык-Көл райондук №31 ӨКБдан 3 куткаруучусу жогоруда аталган адамдар менен байланышка чыгышып, куткаруучулар менен биргеликте тоодон аман -эсен түшүп келишти.