Ысык-Көл: Чоң-Ашууда бороонго карабай, жол тазаланууда

ЫСЫК-КӨЛ: ЧОҢ-АШУУДА БОРООНГО КАРАБАЙ, ЖОЛ ТАЗАЛАНУУДА
Кечээ, 23-майда болжол менен саат 16:00дө Каракол — Эңилчек унаа жолунун Чоӊ-Ашуу ашуусунун 76-чакырымынын 1 тилкесинде болжол менен 66 м3 кар кѳчкүсү түшүп, өз убагында тазаланган.
Ал эми кайрадан 24-майда түнкү саат 3:30 чамасында 76-чакырымдын 2 тилкесинде болжол менен 130 м3 кѳлѳмдѳ кар кѳчкүсү түшкѳн. Учурда унаалар өтүүчү жол жабык. Ал эми Каракол — Эңилчек жолунун Чоӊ-Ашуу ашуусунда бороон-чапкын болуп жатканына карабай, жолдун айрым тилкелеринде кар күрткүлѳрүн тазалоо иштери жүрүп жатат.
Жолду тазалоого кошумча Түп районунун №4 жол тейлөө ишканасынын”Шантуй” үлгүсүндөгү 1 бульдозер, №11 ЖТИден 1 жана райондук жайыт комитетинин 1 фронталдык жүктөгүч техникалары жиберилген.
Ошондой эле ƟКМдин Ысык-Кѳл облусу боюнча башкармалыгынын башчысы полковник Мирлан Карабаев, КжАКБнынн башчысы подполковник Н.Асаналиев, Ак-Суу райондук ƟКБнүн улук офицери А, Нуржадиев жеринде көзөмөлдөөгө жөнөп кетишкен.
(Иллюстрациялык сүрөт колдонулду