Ысык-Көлдө дүкөндөн өрт чыкты

13-март күнү Каракол шаарынын Жапаров көчөсүндө жайгашкан “Алтынбек” азык-түлүк сатуучу дүкөндөн өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

Жерине КР ӨКМнин 3 өрт өчүрүүчү бөлүмү тартылган.

Аталган дүкөндөн чыккан өрт жанында жайгашкан “Эльмира” дүкөнүнө өткөн.

Жалпы өрттүн аянты 450 чарчы метрди түзүп, 15 даана пластик терезе жана дүкөндөрдүн ичинде жайгашкан азык-түлүктөр күйгөн.

Өрт саат 10:08де чектөөгө алынып, толук саат 12:40да өчүрүлдү.

Өрттүн келип чыгуу себеби: электр зымдарынын кыска чынаалуусунан.

Жабыркагандар жок.

Нет описания фото.

Возможно, это изображение (2 человека)