Ысык-Көл: дайынсыз болгон жарандардын жансыз денелери табылды

14-декабрь күнү Тоң району Каджы-Сай айылынын тургундары 2 эркек киши 1948-ж.т. М.Ю. жана 1965-ж.т. А.А. балык уулоого чыгып кеткен бойдон кайра кайтып келишкен эмес.

Бүгүн издөө иштери улантуу үчүн жалпы КР ӨКМнин 33 куткаруучу, 7 суучул жана 1 фельдшер, ИИМден 17 кызматкер, жергиликтүү тургундардан 35 адам тартылган. Издөө иштердин натыйжасында саат 14:40 та табылган, куткаруучулар каза болгон жарандардын денелерин жээке чыгарып ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен.