Ысык-Көл: Дархан айылында чөп күйдү

18-апрель күнү саат 13:50 чамасында Жети-Өгүз районунун Дархан айылынын Алышпаев көчөсүндө короодо чөп күйүп жатат деген маалымат келип түшкөн.

Жерине Жети-Өгүз рйонунун №36 өрткө каршы куткаруу бөлүмүнөн бир бөлүкчө тартылып, саат 14:24тө чектөөгө алынган. Тилсиз жоо, саат 17:55те толугу менен өчүрүлгөн.

Жалпы 150 ч.м. сарай, 140 түк чөп жана 1250 метр рейка күйгөн.

Өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.