Ысык-көл: Эки бала сууга чөгүп каза болду
Жети-Өгүз районунун аймагындагы Липенка айылынын тушунда көлгө 2 бала чөгүп кетти деген маалымат түшкөн.
Кырсык катталган көл жээгинде Каракол шаарынын №15 АӨКБнан суучул куткаручуулар тартылды.
Каракол шаарынан 5 куткаруучу, Жети-Өгүз ӨКБнөн 2 куткаруучу көлгө чөгуп кеткен эки баланын денесин болжол менен 18:20 чамаларында таап, ИИМ кызматкерлерине жана туугандарына өткөрүп беришти.
Каза болгон 14 жаштагы Т. А. жана 19 жаштагы Н. И. экөө тең Жети-Өгуз районунун Ырдык айылынын тургундары болгон.