Ысык-Көл: «JOKER» түнкү клубунан чыккан өрт өчүрүлдү,жабыркагандар жок

Бүгүн саат 10:20 чамасында Ысык-Көл районунун Бостери айылында жайгашкан “Joker” түнкү клубунан өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн.
Жерине өрттү өчүрүүгө саат 10:22де Ысык-Көл райондук №31 ӨКБдан 2 өрт өчүрүүчү тартылган.
Чыккан өрт саат 11:45те чектөөгө алынып жана өрт толук саат 13:23тө өчүрүлгөн.
Өрттүн кесепетинен жалпы эки кабатту имараттын 496 ч.м күйгөн.
Учурда өрттүн келип чыгуу себеби жана толук материалдык чыгымдары такталууда.
Өрттөн жабыркагандар жок.