Ысык-Көл: Көлгө чөккөн 4 жаштагы кызды издөө иши саат 19:30да токтотулду
Бүгүн Ысык-Көл облусуна караштуу Ысык-Көл районунун Тору-Айгыр жана Чырпыкты айылдарынын ортосунда көлгө чөгүп кеткен кызды издөө ишине ӨКМдин жалпы 32 куткаруучусу тартылып, кеч киргендигине байланыштуу издөө иши саат 19:30да убактылуу токтотулду. Тилеке каршы, натыйжа болон жок. Наристени издөө иши 2-август күнү улантылат.
18-июль күнү саат 15:00 чамасында Тору-Айгыр менен Чырпыкты айылдарынын ортосунда 2018-ж.т. Н.А. аттуу кичине кыз көлгө чөгүп кеткен.
Бүгүн издөө иштерин жургүзүүгө Тору-Айгыр айылына КР ӨКМнин Куткаруучуларды даярдоочу мамлекеттик борборунан 4 суучул, Чүй облустук башкармалыгынан 4 суучул, Бишкек шаардык башкармалыгынын Куткаруу кызматынан 4 куткаруучу, Ысык-Көл райондук №31 ӨКБдан 4 куткаруучу, ККББдан 1 кызматкер (дрон менен), Балыкчы шаарынан Тору-Айгыр айылына чейин Балыкчы шаардык №19 ӨКБдан 4 куткаруучу, Бөкөнбай айылынан Балыкчы шаарына чейин Тоң райондук №38 ӨКБдан 4 куткаруучу, Ак-Дөбө айылынан Бооз-Бешик айылына чейин Жети-Өгүз райондук №36 ӨКБдан 7 куткаруучу, жалпы 32 куткаруучу тартылган.

