Ысык-Көл: Көлгө чөккөн наристени 18 куткаруучу издөөдө

Бүгүн, 2-августта 4 жашар кызды издөөгө Тору-Айгыр айылына Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу КДМБдан 4 суучул, Чүй облустук өзгөчө кырдаал башкармалыгынан 4 суучул, Бишкек шаардык башкармалыгынын Куткаруу кызматынан 4 куткаруучу, Ысык-Көл райондук №31 өрткө каршы бөлүктөн 1 куткаруучу, Кризистик кырдаалдарда башкаруу борборунан 1 кызматкер дрону менен Балыкчы шаарынан Тору-Айгыр айылына чейин издешет.
Ал эми Тоң райондук №38 ӨКБдан тартылган 4 куткаруучу Ак-Дөбө айылынан Боз-Бешик айылына чейин издешет.
Бүгүн жалпы 18 куткаруучу көл үстүнөн, суу түбүнөн, жээктерден издешет. Издөөңүн жүрушү тууралуу кошумча маалымат берилет.
Эске салсак, үстүбүздөгү жылдын 18-июлунда саат 15:00 чамасында Тору-Айгыр менен Чырпыкты айылдарынын ортосунда 2018-ж.т. Н.А. аттуу кичине кыз көлгө чөгүп кеткен. Көл жээгинде бул учурда шамал жана толкун болгон.