Ысык-Көл: Каналдан 3200кг таштанды, 100 м3 кум, шагыл чыгарылды
Жарандык коргонуунун 2022-жылдын 16-17-мартында “Өзгөчө кырдаал коркунучу жаралганда жана катталган учурда Жарандык коргонуунун башкаруу органдарынын аракети” деген аталышта штабдык машыгуу болуп өттү. Машыгуу 2 этапта жүрүп, шаардык жана райондук ӨК бөлүмдөр арасында дагы практикалык негизде бир катар иштер аткарылды.
– Тоң районуна караштуу Ак-Терек айыл аймагына караштуу Кара-Коо айылындагы “Ала-Көз” каналынын 3200 метринин ичине толуп калган таштандылар жана кум шагылдар тазаланып, жээктери бекемделди.
- Тоң районуна караштуу Бөкөнбаев айылында жайгашкан “Орто-Арык” каналынын 2000 метр нугу тазаланды;
– Тоң районуна караштуу Кызыл-Туу айылындагы “Каптал-Арык” селден коргоочу каналы тазаланды.
Жалпысынан Тоң райондук Жарандык коргонуу кызматтарынан жана ошондой эле Күн-Чыгыш айыл аймагынан 280 адам жана 8 техника тартылган. Жургүзүлгөн иш-чарадан болжолу менен 3200 кг таштанды, 100 м3 кум, шагыл чыгарылган.
Жарандардын коопсуздугун сактап, абалды ыкчам турукташтырууда тиешелүү органдардын күчү жана даярдыгы маанилүү.