Ысык-Көл: Каракол – Эңилчек жолуна кар көчкү түшүп, убактылуу жабылды

2022-жылдын, 18-март күнү таңкы саат 05:00-06:00 чамасында Каракол – Эңилчек автоунаа жолунун 82 чакырымында эки тилкеден болжол менен 8000 м3 кар көчкүсү түшкөн.

Азыркы учурда жол убактылуу жабык.

№3 Жол тейлөө ишканасынан 3 бульдозер тартылып, тазалоо иштери жүрүүдө.

Маалыматка ылайык, жабыркагандар жок.