Ысык-Көл: Кереге-Таш айылында 900дөн ашуун түк чөп күйдү
06.12.2022
ЫСЫК-КӨЛ: КЕРЕГЕ-ТАШ АЙЫЛЫНДА 900дөн АШУУН ТҮК ЧӨП КҮЙДҮ
5-декабрь күнү Ак-Суу районуна караштуу Кереге-Таш айлынын Жаздыбаев көчөсүндө жайгашкан турак үйдүн короосунда чөп күйүп жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн.
Жерине Ак-Суу районунун №39 өрткө каршы куткаруу бөлүмүнөн бир бөлүкчө тартылган. Өрт саат 16:55де чектөөгө алып, 19:41 эде толук өчүрүлгөн. Тилсиз жоонун кесепетинен жалпы 900 түк чөп, 120 түк саман күйгөн. Такталган маалыматка ылайык, өрт кырсыгынан жабыркагандар жок. Учурда өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.

От жагууга;
балдардын от менен ойноосуна тыюу салынат!

КР ӨКМ ПРЕСС БОРБОР