Ысык-Көл: Кичи-Жаргылчактын жолдору тазаланып жатат

3-августта алдын ала маалымат боюнча таңкы саат 8:30 чамасында жааган жаандын кесепетинен кокту-колоттордон келген сел суулары Кичи-Жаргылчак айылынын ички чарбалык жолдорун каптагандыгы тууралуу маалымат түшкөн.
Мындан сырткары Балыкчы-Бөкөнбаев-Каракол унаа жолунун 154-чакырымы кум-шагылга толуп, жол бир тараптуу ачык.
Жерине Жети-Өгүз районунун ӨК бөлүмүнүн башчысы майор Н.Касымалиев жана орун басары майор А.Жунушов тактоо иштерин жүргүзүүдө. Буга кошумча аталган райондун өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн мотопомпа менен 4 адис жеринде иш алып барууда. Азыркы учурда Жаргылчак айыл өкмөтүнөн 1 жүктөгүч, 1 грейдер тартылып тазалоо иштерин жүргүзүп жатат.