Ысык-Көл: ӨКМ кызматкерлери жөө жүрүшкө катышты
ЫСЫК-КӨЛ: ӨКМ КЫЗМАТКЕРЛЕРИ ЖӨӨ ЖҮРҮШКӨ КАТЫШТЫ
Кезинде Орто Азия мамлекеттеринен түзүлгөн 98-өзүнчө аткычтар бригадасы аяздуу суукка карабай, 700 километр жөө жүрүшкө чыгып, Маныч дарыясында немецтик-фашисттик баскынчыларга каршы сокку урушкан. Алардын эрдигине жана 1943-жылдын 2-февралында Улуу Ата-Мекендик согуштун эң катаал кармаштарынын бири Сталинград салгылашуусунун аяктаганына байланыштуу кечээ, 27-январда 92784 аскер бөлүгү жөө жүрүш уюштурушту.
Аталган жөө жүрүшкө ӨКМдин Ысык-Көл облусу боюнча башкармалыгынын өздүк курамы активдүү катышты. Иш-чаранын алкагында
5 км аралыкка чуркоо уюштурулуп, алдыңкы катарда чуркап келген кызматкерлерге 92784 аскер бөлүгүнүн жетекчилиги грамота менен сыйлады.
Күч түзүмдөрүнүн арасында биринчилерден чуркап келген ӨКМдин облустук башкармалыгынын кызматкери Самат Тилековго грамота ыйгарылды.
Жөө жүрүштүн негизги максаты – жаштарды мекенчилдикке, ыкчамдыкка, күжүрмөндүккө тарбиялоо.


