Ысык-Көл: Комплекстик райондук машыгуу өткөрүлдү

КР ӨКМдин Ысык-Көл облусу боюнча башкармалыгынын 2022-жылга карата негизги иш чаралар планына ылайык комплекстик райондук машыгуу практикалык түрүндө өткөрүлүүдө.
Иш чарада Тоң районунун ӨК бөлүмү, райондук Жарандык коргонуу кызматтары жана айыл аймактары менен биргеликте ар кандай мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдарды алдын алуу жана жоюу иш-чаралары чагылдырылды.
Машыгууда Бөкөнбай айылында 7 баллга жеткен жер титирөө катталып Жарандык коргонуу кызматтары айгай боюнча саат 7:00дө чакырылып авариялык калыбына келтирүү түзүмүнүн курамы тизилди.
Жабыркаган айыл аймактар боюнча коммиссия иш алпарып жарандарга эвакуация жүргүзүлдү, куткаруучулар тарабынан өрттөнүп жаткан үйлөрдү өчүрүп, кыйроодо калган жарандарды алып чыгуу ыкмаларын көрсөтүшүп, жабыркаган жарандарды медицина кызматкерлерине өткөрүп беришти.
Мындан тышкары жарандык коргонуунун кызматтары ​ өз милдеттерин так аткарышып, машыгууга жалпы 30 техника 500гө жакын адам катышып, өзгөчө кырдаалдардын кесепеттери жоюлду.