Ысык-Көл: Кургак чөп күйдү

Кечээ 23-ноябрда саат 18:00 чамаларында Каракол шаарынын Фадеев көчөсүндө жайгашкан турак үйдүн огородунда кургак чөп өрттөнүп, үйгө кооптуулук жаратууда деген маалымат 112 кызматына түшкөн.
Жерине Каракол шаарынын №15 ӨК бөлүмүнөн бир бөлүкчө тартылып, саат 18:20да чектөөгө алып, 19:09да толук өчүрүшкөн. Натыйжада куткаруучулар үйдү өрттөн сактап калышкан. Учурда өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.