Ысык-Көл: Куткаруучулар айыл кыдырып, өрт коопсуздугун алдын алууну түшүндүрүштү

Бүгүн, 11-октябрь күнү Түп райондук өрткө каршы бөлүктөрү тарабынан айыл тургундарына өрт коопсуздугунун алдын алуу боюнча түшүндүрүштү.
“Сактыктыкка кордук жок” демекчи күн сууктап калгандыгына байланыштуу үйлөрдү жылытуу максатында электр жылыткычтарын, өрт чыгуу кооптуулугу бар буюмдарды колдонуу эрежелери менен тааныштырышты.
Ошондой эле элге колго жасалган жылыткычтарын колдонбоону, кургак чөптөргө жакын от жакпоону эскертишти.