Ысык-Көл: Куткаруучулар бекилип калган эшикти ачып беришти

Кечээ, 26-сентябрда саат 19:00 чамасында Каракол шаарынын Октябрь көчөсүндө жайгашкан көп кабатту турак үйдө жайгашкан батирдин эшиги бекилип калгандыгы тууралу малымат келип түшкөн.
Мындан улам эшик ачууга Каракол шаардык №15 өрткө каршы куткаруу бөлүмүнөн 3 куткаруучу тартылып, эшикти куткаруу шаймандарынын жардамы менен ачышкан.
Куткаручуулардын аракети менен батирдин ичинде калып калган 3 жашар бала аман-эсен энесине тапшырылды.