Ысык-Көл: Куткаруучулар жаракат алган аялга жардам көрсөтүштү

4-октябрь күнү Жети-Өгүз районунун, Кызыл-Суу айылынын Конкин көчөсүндө жайгашкан кабат үйлөрдүн биринде жашаган улгайган аял үйдүн чатырына бир буюм алуу үчүн чыгып, экинчи кабаттан кулап кеткен.
Кокустуктан улам буту сынып, жаракат алгандыгы тууралуу маалымат ӨКМдин «112» кызматына түшкөн.
Жерине ӨКМдин №36 өрткө каршы бөлүктөн 4 куткаруучу тартылып, жабыркаган аялды биринчи кабаттан чыгарып, «Тез жардамдын» кызматкерлерине тапшырышкан.