Ысык-Көл: Куткаруучуларга жаңы шаймандар алынды

ЫСЫК-КӨЛ: КУТКАРУУЧУЛАРГА ЖАҢЫ ШАЙМАНДАР АЛЫНДЫ
Ысык -Көлдүн Түп райондук Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн куткаруучулары керектүү шаймандар менен камсыздалды. Тактап айтканда, Түп районунун администрациясы жана районду Өнүктүрүү фонду тарабынан, кечээ, 24-январда Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн куткаруучуларына жалпы суммасы 922 500 сомго гидравликалык шаймандарды, суу сордуруучу мотопомпа алып беришти.
Мындан сырткары ӨКМдин Ысык-Көл облустук башкармалыгынан райондук ӨКБга куткаруу иштеринде колдонуу үчүн унаа тапшырылды.
Шаймандарды кабыл алуу иш-чарасында ӨКМдин Ысык-Көл облусу боюнча башкармалыгынын башчысы, полковник Мирлан Карабаев кошкон салымы үчүн ыраазычылыгын билдирип, Түп районунун өнүктүрүү фондусунун директору Данияр Бейшембиевге Ардак грамотасын ыйгарды.