Ысык-Көл: Кырсыктардын тобокелин азайтабыз

“5-октябрь жыл сайын белгиленүүчү Кыргыз Республикасында кырсыктардын тобокелин азайтуу” күнүнө арналган иш чара өткөрүлдү.
Иш чара ​ КР ӨКМнин Ысык-Көл облусу боюнча башкармалыгынын Жети-Өгүз районунун ӨК бөлүмү, райондук жарандык коргонуу кызматтары менен биргелекте өткөрүлдү. ​
Иш чарада куткаруучулар тарабынан күжүрмөн жайылыш ыкмасы менен өрттү кантип өчүрүш керек экенин көрсөтүштү.
Мындан сырткары окуучулар арасында күжүрмөн кийим кийүү боюнча жарыш жана мыкты жазуучу, сүрөтчү деген наамда мыктылар белгиленип белектер тапшырылды.
Кырсыктардын тобокелин азайтуу күнүнө арналган иш чараларга активдүү катышкан жарандык коргонуу кызматтары ӨКМ тарабынан грамоталар менен сыйланышты.
Иш чаранын акырында демонстрациялык жүрүш өткөрүлүп 47 техника, 3000ге жакын адам тартылды.