Ысык-Көл: Кызыл-Суу айылынан 400 түк чөп күйдү

Кечээ, 27-сентябрь күнү саат 13:00 чамасында Жети-Өгүз районунун Кызыл-Суу айылынын Касыя Акунова көчөсүндө жайгашкан турак үйдө чөп күйүп жатат деген маалымат түшкөн
Жерине Жети-Өгүз районунун №36 өрткө каршы куткаруу бөлүмүнөн бир бөлүкчө тартылып, саат 13:14тө чектөөгө алып, 16:19да толугу менен өчүрүлгөн.
Жалпысынан 400 түк чөп күйгөн. Өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.