Ысык-Көл: Кызыл-Суу айылында өрт кырсыгы катталды

2022-жылдын 27-сентябрь күнү саат 13:00 чамасында Жети-Өгүз районунун Кызыл-Суу айылынын А.Акунов көчөсүндө жайгашкан турак үйдүн короосунда чөп күйүп жаткандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн.
Жерине Жети-Өгүз районунун №36 өрткө каршы куткаруу бөлүмүнөн, бир бөлүкчө тартылып, саат 13:14 чектөөгө алып, 16:19 толук өчүрүлгөн.
Жалпысынан 400 түк чөп күйгөн.
Өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.