Ысык-Көл: Механикалык тазалоо иштери жүргүзүлдү

31-июлда Түп районунун Сары-Булак айыл аймагына караштуу Балбай айылындагы “Сары-Булак” суусунун болжол менен 1000 метр эски нугун механикалык тазалоо иштерине ӨКМ тарабынан “LiuGong-922” 1 экскаватор тартылып, дамбанын нугун тазалоо иштери жүрүдө .
Аткарылган иштердин натыйжасында болжол менен 20 турак үй жана 3 ички чарбалык жолдор корголот. Бүгүнкү күнгө карата жалпы 800 метр суунун нугу тазаланды.