Ысык-Көл облусуна эвакуацияланган жарандар Баткенге кайта башташты

Баткен облусунан Ысык-Көл облусуна убактылуу көчүрүлгөн жарандардын алгачкы этабы бүгүн саат 11:00де жолго чыгышты.
Облустун Чолпон-Ата шаарынан жалпы 52 жаран 1 автобус менен Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өкүлүнүн жетекчилигинде жөнөп кетишти.
Жалпы Ысык-Көл облусуна Баткенден 169 адам эвакуацияланган.