Ысык-Көл облусунун аймагында жер титиреди

Бүгүн, саат 15:08де КР Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, Ысык-Көл облусунун аймагында очогунда күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталган.

Жер титирөө Ак-Суу районунун Каракол айылында 3 баллга чейин сезилген.

Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.