Ысык-Көл: Окуучулар өрт коопсуздук эрежесин сактоону үйрөнүштү

ЫСЫК-КӨЛ: ОКУУЧУЛАР ӨРТ КООПСУЗДУК ЭРЕЖЕСИН САКТООНУ ҮЙРӨНҮШТҮ
Бүгүн, 10-мартта Каракол шаары боюнча Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө караштуу №15 өрткө каршы күрөшүү бөлүгүнүн тартылган күжүрмөн эсеп тактикалык машыгуусун өткөрүштү.
Аталган машыгуу Каракол шаарындагы Х.Карасаев атындагы кыргыз-түрк лицейинде өткөрүлүп, өрт алдын алуу үчүн атайын лекция окулуп, алгачкы өрт өчүрүүчү жабдыкты колдонуу нускамасы көрсөтүлдү.
Мындан сырткары адистер кырсык катталганда окуучуларды коопсуз жайга эвакуациялоо жана өзүн обочо алып жүрүүнү үйрөтүштү.