Ысык-Көл: Пиротехникалык каражатты колдонуу эрежелерин түшүндүрүшүүдө
ЫСЫК-КӨЛ: ПИРОТЕХНИКАЛЫК КАРАЖАТТЫ КОЛДОНУУ ЭРЕЖЕЛЕРИН ТҮШҮНДҮРҮШҮҮДӨ
Жаңы жыл алдында өлкөнүн бардык базарларында, соода түйүндөрүндө фейерверк сыяктуу аттыруучу буюмдар сатылат. Көбүнчө ата-энелер балдардын көңүлүн көтөрүү үчүн алышат. Бирок, пиротехникалык каражаттарды туура эмес колдонуудан жабыркагандар ооруканаларга кайрылып же өрт кырсыгы чыгышына шарт түзүшү мүмкүн.
Ошондуктан Каракол шаардык жана Жети-Өгүз райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн кызматкерлери жана өрт коопсуздугун көзөмөлдөө кызматкерлери менен биргелекте соода түйүндөрүндө пиротехникалык каражаттардын жарамдуулугу боюнча сертификаты жана колдонуу эрежелердин болуусун талап кылууда.
Мындан сырткары сатуучуларга өрт коопсуздук эрежелерин кардарларга түшүндүрүү иштерин сунушташты.


