Ысык-Көл: Өрнөк айылындагы сел сууларды тазалоо иштери уланууда

1-август күнү саат 07:00 чамасында кыска-мөөнөттө жаап өткөн жаандын кесепетинен Чоң-Сары-Ой айыл өкмөтүнүн Өрнөк айылында сел жүрүп, ички чарбалык каналдын 900м аралыгын сел суулары каптаган, ошондой эле 30 турак үйдүн короолорун каптап жерге сиңип кеткен. Мындан тышкары «Эдельвейс» эс алуу борборунун аймагында жайгашкан 1 кафе, 1 соода түйүнүнүн кооросун жана ички чарбалык жолдун 4800м аралыгын каптаган. Жерине Чоң-Сары-Ой айыл өкмөтүннөн 1 эксковатор, Ысык-Көл райондук №31 ӨКБдан 1 офицер тартылган.