Ысык-Көл: Өрт өчүрүү шайманын колдоно аласызбы?
ЫСЫК-КӨЛ: ӨРТ ӨЧҮРҮҮ ШАЙМАНЫН КОЛДОНО АЛАСЫЗБЫ?
Кечээ, 9-февралда Ысык Көл райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн кызматкерлери Чолпон-Ата шаарында “Жылдызча” бала бакчасында жана райондук Архив кызматынын мекемесинде болушту.
Алар бала бакчанын тарбиячыларына, кызматкерлерине имараттардагы өрт кырсыгынын алдын алууну түшүндүрүштү.
Эгерде мекемелерде өрт чыкса тарбиялануучуларды, кызматкерлерди коопсуз жерге эвакуациялоону, алгачкы өрт өчүрүү шайманын колдонууну үйрөттү. Ошондой эле имаратта эвакуациялык схема, өрт өчүрүү шаймандарын көрүнүктүү жерге жайгаштырууну эскертишти.


