Ысык-Көл: Өрт коопсуздук эрежесин сактаңыз!
ЫСЫК-КӨЛ: ӨРТ КООПСУЗДУК ЭРЕЖЕСИН САКТАҢЫЗ!
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Ысык-Көл облусу боюнча башкармалыгынын Балыкчы шаардык өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн өздүк курамы 9-февралда шаар аймагындагы үйлөрдү кыдырып өрттүн алдын алуу, коопсуздук эрежелерин сактоону эскертишти.
Кыш мезгилинде үйдү жылытуу үчүн өзгөчө электр жылыткычтарынын бузук эместигин, электр зымдарынын туура кошулгандыгын адистердин кароосунан өткөрүү зарыл экендигин билдиришти.
ӨКБнын кызматкерлери үй ээлерине коопсуздук эрежелерин түшүндүрүп, нускама баракчаларын таратышты.


