Ысык-Көл: өрттөн үч жаш бала каза болду
Бүгүн 15:15 чамасында Ак-Суу району, Каракол айылынын Имаш көчөсүндө жайгашкан турак үйдөн өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн.
Жерине Ак-Суу райондук №39 ӨКБдан 1 бөлүм тартылып, 15:35 бөлүм жеткен.
16:20 да чектөөгө алынып, толук 22:33 өчүрүлдү.
❗❗❗ Өрттүн кесепетинен үч жаш бала ( 3 , 6 жаштагы кыздар жана беш жаштагы бала) каза болгон.
Болжол менен 105 ч.м. турак үй толук күйгөн.
Учурда өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.