Ысык-Көл: Сүйүнчү наристелер табылды

Кечээ, 26-агустта Ак-Суу районуна караштуу Жаңы-Арык айылынын кичинекей тургундары үйдөн ойноп чыгып кеткен боюнча дайынсыз болгондугу тууралуу маалымат 102 кызматынан түшкөн.
Аларды издөө иштерине Каракол шаардык №15 ӨКБдан 4 куткаруучу тартылып, түн кирип кеткендигине байланыштуу издөө иш-чаралары убактылуу токтотулган.
Бүгүн кайрадан издөө иштерин улантуу максатында Каракол шаардык №15 ӨКБдан 4 куткаруучу тартылып, жогоруда аталган айылдын Ишеналы көчөсүндөгү үйлөрдүн короосунан балдар аман-эсен табылган.