Ысык-Көл: Спорт – Ден соолуктун булагы

КР ӨКМ Ысык-Көл облусу боюнча башкармалыгынын шаардык, райондук ӨК бөлүмдөрү жана Жыргалаң айылындагы №7 тоо-кен кырсыгынан куткаруу кызматынын арасында спорттук иш-чара өткөрүлдү.

Жалпысынан 9 команда катышып, футбол, воллейбол жана стол теннисте күч сынашты. Аталган башкармалыктын башчысы полковник Карабаев Мирлан катышкан командаларга ийгилик каалап, спорт менен машыккан ар бир куткаруучунун ден соолугу чың болоорун баса белгиледи.

Оюндун жыйынтыгы боюнча төмөнкү командалар жана мыкты оюнчулар грамота, кубок, медалдар менен сыйланышты.

Футбол боюнча:

1-орун Ысык-Көл райондук ӨК бөлүмү;

2-орун Жети-Өгүз райондук ӨК бөлүмү;

3-орун Тоң райондук ӨК бөлүмү;

Волейбол боюнча:

1-орун Балыкчы шаарынын №19 өрткө каршы куткаруу бөлүмү;

2-орун Каракол шаарынын №15 өрткө каршы куткаруу бөлүмү;

3-орун Тоң райондук ӨК бөлүмү;

Теннис боюнча:

1-орун КР ӨКМнин Ысык-Көл облустук башкармалыгы;

2-орун Каракол шаарынын №15 өрткө каршы куткаруу бөлүмү;

3-орун Тоң райондук ӨК бөлүмү.

Иш чара ден соолукту чыңдоо, күжүрмөн даярдыкты жогорулатуу жана ынтымакты бекемдөө максатында өткөрүлдү.