Ысык-Көл: Суу коопсуздук эрежелерин эске ал!

09.12.2022
ЫСЫК-КӨЛ: СУУ КООПСУЗДУК ЭРЕЖЕЛЕРИН ЭСКЕ АЛ!
Балыкчы шаарында окуучуларга атайын окуу өткөрүлдү
​ 7-декабрь күнү ӨКМдин Ысык-Көл облусу боюнча башкармалыгынын Балыкчы шаардык өзгөчө кырдаалдар бөлүмү тарабынан шаардагы Ч. Айтматов, С. Каралаев, Л.Толстой атындагы орто мектептеринде жана З.Исаев атындагы гимназия мектебинде суу коопсуздугу боюнча окуу өткөрүлдү.
Иш чарада окуучулар кыш мезгилиндеги суу объектилериндеги коопсуздук эрежелери тууралуу маалымат алышты. Ошондой эле кызматкерлер суу алдында издөө иштерин жүргүзү үчүн колдонулган суучулдардын атайын шаймандары менен кенен тааныша алышты.