Ысык-Көл: Сырт өрөөнүндө турак үйдү суу каптады

Ушул жылдын 15-августунда Тоң районуна караштуу Төрт-Күл айыл аймагынын ​ ​ ​ ​
Сырт жайлоосундагы “Жылуу суу” өрөөнүндөгү “Балгарт” суусунун агымына тоодон шагыл көчүп, 2 үйдү суу каптагандыгы тууралуу маалымат түшкөн.
Мындан улам Тоң райондук ӨК бөлүмүнүн улук офицери лейтенант А.Курманбек уулу, Темир-Канат айылынын айыл башчысы менен биргеликте “Сырт” жайлоосундагы ​ “Балгарт” суусуна шагыл көчүп жаап калган. Шагылдын кесепетинен суу нугунан ашып жаткандыгын такташкан.
16- августта шагылды тазалоо үчүн жергиликтүү бийлик тарабынан 1 каз тамандуу экскаватор, ӨКМ тарабынан 1 “Тралл” үлгүсүндөгү атайын унаа бөлүнүп берилген.
Кечээ, 17-августта суунун нугун буруу тазалоо иштерин жүргүзүү учурунда экскаватор ылайга тыгылып калгандыгына байланыштуу тазалоо убактылуу токтотулган. Учурда кошумча техника тартуу каралууда.