Ысык-Көл: Түп айылында турак үйдө өрт чыкты
Кечээ, 18-март күнү саат 15:45тер чамасында Түп айылынын Шиловец көчөсүндө жайгашкан турак үй күйүп жаткандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн. Жерине Түп районунун №34 өрткө каршы куткаруу бөлүмүнөн бир бөлүкчө тартылып, саат 16:48де чектөөгө алынган.
Өрт саат 17:30да өрт өчүрүүчү куткаруучулардын ыкчам аракети менен өчүрүлгөн. Жалпысынан 170 чарчы метр үй күйгөн.
Өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.