Ысык-Көл: Токтоян айылында чөп өрттөндү

ЫСЫК-КӨЛ: ТОКТОЯН АЙЫЛЫНДА ЧӨП ӨРТТӨНДҮ
Кечээ, 11-октябрь күнү саат 14:15 чамасында Түп районунун Токтоян айылынын Асантай көчөсүндөгү турак үйдүн коросунда чөп күйүп жаткандыгы тууралуу маалымат “112” кызматына түшкөн.
Мындан улам жерине Түп райондук №34 өрткө каршы куткаруу бөлүмүнөн бир бөлүкчө тартылып саат 14:54тө чектөөгө алып, 19:18да толук өчүрүлгөн.
Жалпы 700 түк чөп, 230 даана стропила күйгөн. Учурда өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.